Домой #Общество Рашит Бостонов 60 жашта

Рашит Бостонов 60 жашта

57

“Кыргызнефтегаз” ААКтын мурдагы жетекчиси Рашит Бостонов 60 жашка чыкты. Ал өз убагында аталган ишкананы өлкөбүздөгү мыкты ишканалардын катарына кошкон.

Мамлекеттик кызматкер катары өлкөнү өнүктүрө ала турган менеджер экенин далилдеди.

Бостоновдун жетекчилиги астында “Кыргызнефтегаз” ААКсы эң жогорку бийиктиктерди багындырган. Күжүрмөн эмгеги, талыкпас аракети менен мамлекетибиздеги мыкты адистердин алдынкы сабына кошулганын билебиз. 60 курак жашында да Рашит Бостоновдун багындырчу ийгиликтери алдыда деп эсептейбиз. Биз Рашит мырзаны кутман курагы менен куттуктап, чын ден соолук, бактылуу жашоо каалайбыз!