Домой #Общество Кыргыз социологиясы оорду толгус жоготууга туш болду

Кыргыз социологиясы оорду толгус жоготууга туш болду

13

Кыргыз социология илими оорду толгус, кайтып келбес тарыхта изин калтырган инсан, улуу агайбыз Кусеин Исаевди жоктоп отуруп калдык. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жеткенден кийин коомду изилдей турган улуу илим дүйнөсү социологияны кыргыз илимпоздорунасугарып келген улуу адам. Агайдын замандын талабы менен бирге артта калбастан, тескерисинче алдыда жүргөндүгү, «кыргыз» баласы үчүн жанын берүүгө даяр турган касиеттери менен айырмаланып турар эле. Өзгөчө кыргызилими солгундап турган кезде талыкпастан канчалаган улуу инсандарды, жаштарды илим багытында жол ачуу таланты менен айрмаланган.

Кыргыз социологиясын дүйнө жүзүнө таанытууда чоӊ эмгектерди жаратты. Азиядан баштап, Европа, Америкагачейин өз каражаты менен барып, кыргыз коомундагы орчундуу маселлерди тайманбастан дүйнөлүк деӊгээлге алып чыкты. Анын аркасы менен шакирттери эмпирикалык социологиянын ыкмаларын, социологиянын теорияларын таанып билдик. Ар бир кадамында эл аралык деӊгээлдегимаселелерди көтөргөн макалаларды, китептерди, фактылык материалдарды шакирттери менен талкуулап, кыргызкоомун жогорку даражага көтөрүүгө аракет жасап, талыкпайэмгектенип келди.

Алгач, 1993-жылы Бишкек гуманитардык университетинде замандын талабына ылайык келген «социология жанабашкаруу» факультетин ачып, Кыргыз Республикасына жаӊы кесиптерди: «социолог», «саясат таанучу», «психолог», «социалдык кызматкер» профессионалдык деӊгээлде даярдоону баштаган улуу инсан. Бүгүнкү күндөда кыргыз коому жогорудагыдай кесипкөй, изилдөөчүлөргө мкутаж болуп келүүдө. Бөксөрүп калган вакумду ошолмезгилдеги бүтүрүүчүлөрдүн жоон тобу, агайдын шакирттери толуктап келет.

Өмүрүнүн акырына чейин социология илими үчүн жүрөгү согуп, 5 илимдин докторун, 40ка жакын илимдин кандидатын илимге сугарып, даярдап келди. Ошол алгачкы социология илимдеринин доктору, окуучусу катары өз атамды жоготткондой абалда ичим күйүп отурат. Жашоонун мыйзамы экен, Кусеин Исаевич менин чоӊ илим жолуна салган улуу инсан катары элестериӊиз өмүр бою кала берет.  Учуӊуз кур эмес, жолуӊузду улантуучу артыӊызда уул-кыздарыӊыз, окуучуларыныз бар.

Кусеин Исаевич, жаткан жериӊиз жайлуу болсун, ыйманыӊыз саламат болсун. Баарыбызды, шакирттериӊизди «Күнүнө 2 саат китеп окугула, 4 саат гана уктагыла, кыргызэли үчүн кызмат кылгыла, кыргыздын тукумункөбөйткүлө!» деген асыл сөздөрүнүз бизге күмүш сыргыболуп калды. Бизге Сиздин берген таалим-тарбияӊыз дайым эреже катары сакталып калат!

Социологиянын атасы, урматтуу Кусеин Исаевич, жатканжериӊиз жайлуу болсун, ыйманыӊыз саламат болсунКыргыз эли Сиздин адамдык бийик сапаттарыӊызды, илимде калтырган эмгектериӊизди эч качан унутпайт жана тарыхта кала бересиз.

Агайдын үй-бүлөсүнө тереӊ көӊүл айтам, кайраткылыӊыздар!

Окуучуӊуз, Салморбекова Рита,

социология илимдеринин доктору, профессор