Акыркы мезгилдерде социалдык тармактарда Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиев менен анын жакын досу делген “Оргтехстрой” курулуш компаниясынын ээси Канат Исмаилов тууралуу ар кандай маалыматтар калкып чыгууда. Анда аталган курулуш компаниясы акыркы жылдар активдешип, Премьер-министрдин жардамы менен мамлекеттик тендерлерди утуп жатканы, ал тургай тендерсиз эле түз буюртмаларга ээ болуп жатканын, кала берсе бул компанияга Мухаммедкалый Абулгазиевдин кийлигишүүсү менен банктардан арзан насыяларга ээ болуп жатканы айтылат.
Ушундан улам биз “миң уккандан бир көргөн артык” деп, капыл-тапыл Канатбек Исмаилов менен кезигишип калдык да айрым суроолорубузга жооп алууга үлгүрдүк…
— Канат Мелисович, “Оргтехстрой” курулуш компаниясын ким түзгөн, кимдер ээлик кылат?
— “Оргтехстрой” курулуш компаниясы 1999-жылы банкроттукка кептелген кезде мен акциясын сатып алып, баардык карыздарын жаап, талоондон калган анча-мынча техникасы менен ушул имаратын сактап калгамын. УчурундаТанаевдер баш болуп бир топ чоң фигуралар талашып, кийин имаратыбызды Акаевдин бийлигинин кээ бироолорунун жардамы менен транспорт инспекциясына да имараттын бир кабатын акционердик коомдун мыйзамын бузуп берип салышкан. Бирок, мына былтыр уюшулганына 60 жыл богон “Оргтехстрой” Жогорку Сотко чейинки териштирүүдө имарат толугу менен өзүбүздүкү экенин далилдеп, экинчи кароого, арызданууга жатпай турган кылып жеңип алганбыз.
Союз учурунда бул жер “организация технологии строителство” деп аталып, курулуш материалдарын сынаган мекеме болгон, станоктор, лобароториялары болгон, бирок, биздин колго тийген маалда анын көбү таланып кетиптир. Ал тургай курулуш жургузуу 1-денгелдеги лицензиясын алдырып жиберишкен. Биз баарын ордуна келтирдик.
Компаниянын администрациясында 100го жакын жалпысынан 800гө чукул адам иштейт. 93 пайыз акциясы балам экөөбүзгө таандык, калганы ушул жердеги өнөктөштөрүбүздүкү.
— Өнөктөштөр деп калдыңыз, социалдык тармактарда айтылгандай, Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиевдин да үлүшү болсо керек?
— Тилекке каршы, курулушту түшүнбөгөн, үйүндө бир мыкты туура кагып көрбөгөн бекерпоздор диванга отуруп алып ар нерсени жаза берет тура. Мына, куттуу Орозо айында турабыз, мен келмени оозума алып туруп эле айтайынчы, Мухаммедкалый Абулгазиевдин 1% дагы үлүшү жок. Эгер калп айткан болсом Кудай жазаласын! Ооба, Мукан экөбүз тээ жаш кезибизден доспуз, бирок, ушунча болуп анын кайсы бир бизнеске кызыкканын көргөн да, уккан да эмесмин. Ал баарына салкын кандуу караган тубаса мамлекеттик чиновник. Оргтехстрой Мукан тээ жөнөкөй кызматкер болуп жүргөн кезде эле өз ишин жасап, курулуштарды куруп, токтоп калбай, өлбөй эле жашап келген да. Биз саясатка карабай, кимибиз кандай чоң болоорубузду эсептебей эле адамгерчилик менен достошконбуз.
— Анда неге 2017-жылдан бери сиздин компания катуу өнүгүп, мамлекеттик буйрутмаларды алып, тендерлерде жеңип жанданып калды. Канткен күндө да досуңуздун карыш, карыш болбосо да сөөм кадыры болгондур…
— Бир да жолу мен анын алдына барып, кайсы бир мамлекеттик курулушту алып бер деп суранган эмесмин. “Оргтехстрой” сен айткандай 2017-жылдары эмес, тескерисинче, 2013-14-15-чи жылдары абдан катуу өнүгүп, биздин айланган акча миллиардга жеткен, бюджетке жылына 50 миллион сомго чейин салык төккөн учурлары болгон. Ал эми мамлекеттик буюртмаларга келсек, бул бир баш оору экен. Илгери, ири курулуш компаниялардын бири “Өкмөт менен иштешкенди желкемдин чуңкуру көрсүн, азабыңды жейт экенсиң…” десе этибарга албаптырмын. Кийин аралаша калам деп, балээге кабылдым. Ооба, мамлекеттик курулуш агенттиги Ысык-Көлдөгү Билим берүү министрлигинин «Асыл» азыр «Санат» деп аталган пансионатын капиталдык ремонттоого тендер жарыялап калды. Биз ошол пансионатка жакын “Лазурный берег” пансионатын 2014-жылдан тарта куруп жатканбыз. Балдар айтып калышты, ушунун курулушун алсак, ансыз да бригадалар көлдө болуп жатат, бир аз тыйын табат элек, тендерге катышып көрөлү деп. Тендер кадимкидей өттү, биз башкалардан арзаныраак бааны сунуштадык. Анткени, биринчиден бизде пансионат куруу боюнча тажрыйба бар эле, экинчиден, бригадаларыбыз да ошол жакта болчу. Анан 240 млн. сомго чукул сомдук тендерди уттук. Уткандан кийин мени Өкмөткө чакырышып, “Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков мугалимдер алдында убада берди эле, ылдамыраак бүтүрүп бериш керек, мугалимдердин алдында уят болбойлу” деп суранышты. Макул деп 12 кундо төрт имаратын куруп бердик 200 жумушчу менен “Кокуй, көчмөндөр оюндарына чейин 400 кишилик кафесин бүтүрүп бербесең болбойт” дешти, аны да 25кундо бүтүрүп, жабдыктарын бир орус компаниясынан алып коюп бердик. Алар да менин артыман жүрөт. Өкмөт да ыраазы, мугалимдер да ыраазы болду. Казыркы учурда окмот 30 млн сомго жакын карыз. Былтыркы куздон бери убада берип майда чуйдолоп беришип чойулуп келе жатышат. Бирок, болбой эле ушинтип “Канат Мукандын досу, бизнеси бир, тендерсиз алып алыптыр” деген жаман атты сөзгө калдым. Эгер, Мукан алып берсе, же шапкесин алса Өкмөт азыркыга чейин 30 млн. сомго чукул мага карыз болуп, эмдигиче бербей келет. Ошол эле маалда компания банктарга очойгон насыя төлөп, карызыбызды Өкмөттөн ала албай чайналып жатабыз. Мукан жардам берсе бюджетин колунда турат, ошол акчаны берип койбойт беле?!
— Канат мырза, ушул жерден сөзүңүздү бөлгөнгө туура келет. Сиздин компания Өкмөт башчынын күчү менен “Айыл банктан” арзан насыяларды күрөөгө койгон мүлктөрдүн баасы жетпегенине карабастан, миллиондоп алганыңызды таратышууда. Муну деле моюнга албасаңыз керек?
— Бул сөзү такыр эле чектен чыккандык. Болбосо, экономикадан. Реалдуу ишкерликтен анча мынча түшүнүгү бар, сабаттуу адамдар мындай ушакты чыгарышмак эмес. Эгер мен, “Айыл банктан” кимдир бирөөгө же досума таянып насыя алсам, албетте, үстөк пайызы төмөн насыя алмакмын. Бирок, мен эл катары эле абдан катаал шарттар менен 20% жылдык үстөгү менен, эгер максатсыз пайдаланыла турган болсо дагы үстүнө 3% пайыз кошумча үстөк коно турган насыяларды алдым. Сом менен, 1 жылдык каникулу бар, үч жылдык насыялар. Менимче, бул жерде эч кандай бийликтин же кайсы бир чиновниктин салымы жокко дейм. Тескерсинче, биз кымбат насыя менен ошол мамлекеттик банктарды багып жатканыбыз үчүн ыраазы болушу керек алар. Мына, ай сайын бирден батир ошол насыяларды жапканга эле кетип жатат. Ал эми күрөө маселесине келсек, “Айыл банк” дагы, анын үстүнөн көзөмөл салган Улуттук банк дагы келесоолордун мекемеси эмес да. Ысыккөлдүн жээгинен 21 гектар «Бригантино» деген мурда сатып алган пансионаттын жерин, андагы кыймылсыз мүлктүн баарын эсептеп, атайын баалоочу агенттиктер менен баалаткан соң гана макул болушкан да. Ал тургай KICB банкы “Лазурный Берег” пансионатынын баасы 7 миллион доллар деп баалаган. Дагы айтсам, “Айыл банк” бизди алдап кетти десек болот. Себеби, башында алар “Байке, жарымын биздин линия менен 20%дык үстөк менен ала бергиле, жарымын Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фонду аркылуу арзан насыя кылабыз” дешкен. Бирок, ал сөзүнө турган жок. Башка коммерциялык банктар менен рефинансирование кылып кетели десек, ага да жол табылбай турат.
Кыскасы,эгер мен Мукан досума чалып, ошол банктардан 5% дык, болбоду дегенде 10-15%дык насыя алсам жазгыла. Эч кандай коррупция, криминал жок.
Биз насыяларды мыйзам чегинде алдык, биринчи насыя менен Тогуз-Булак лыжа базасын реконструкция кылганбыз. Көлдөгү “Лазурный берег” пансионатын салып жатам. Кыскасы, мен баардык каржылык операциялар менен келишимдерди ачык көрсөтө алам, биринде да мыйзамсыз эч нерсе жок. Бирок, ушул насыя салган жактардан азырынча кыйраткан тыйын чыгарып актай элекмин. Бирок, кыргыздар кагазга, цифраларга ишенбей ушактарды ээрчип калдык да, баары бир элдер ишенбейт. Ошентсе да орозодо айтып коеюнчу.
— Азыр канча мамлекеттик буюртманы аткарып жатасыз?
— Жок, “Санат” пансионатынан кийин Өкмөт менен өнөктөш болуп кереги жок экен деп калдым. Андан көрө жеке курулуш иштерин иштей бериш керек экен. Мамлекеттик курулуштарды абдан арзан баалап туруп, аягында акчаңды бербей койгондо, анан дагы аппетити чоң. Баса, дагы айтып коеюнчу, мурдараак Бишкек мэриясынын эки жол үстүнөн өтүүчү жөө өткөөлдөрүн тендерден 37 млн. сомго жеңип алып жасабадым беле. Аламүдүн жана Мадина базарларынын жанындагы. Ошол эки көпүрөнү жасаганда 350 миң сом артка кеттим. Же болбосо пайда тапмак тургай чөнтөгүмдөн төлөп калгамын. Ички аудиттин жыйынтыктары сакталып турат. Ошондуктан, дегеле мамлекеттик ишке жолоюн деген ниетим калбай калды,чын.
— Мукан досуңуз менен качан жолуктуңуз, акыркы окуялар боюнча сөз болдубу?
— Ал кишини көрө элегиме көп болду. Конокторго барсак аяшыбыз эле барат. Эртең менен 7:30да кетип түн теңинде келет экен. Башынан эле ошондой мамлекеттик кызмат үчүн жаралгандай иштеген киши. Анын бизнеске кызыкканын да көргөн эмесмин. Акыркы окуялар боюнча ага чалып же жазган деле жокмун. Негизи кадрдан бир аз аксап жатат. Жанына идиреги бар. Дымактуу иштейм дегендер эмес кошоматчы, коркок, креслону эле сактап калууну жакшы өздөштүргөндөр барып калгандай сезиле берет. Эми алмаштырып жатпайбы, ишин көрсөтөт деп турам.


