Домой #Политика Абировдун аброю жогорулады

Абировдун аброю жогорулады

368

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров деген жаш, өсүп келе жаткан жигитти сындырууга карт бөрү саясатчылар болгон күч-аракетин жумшап жатышат. Анткени Жаныбек Абировдун кадыр-баркы шаардыктар арасында бир топ эле жогорулап кетти. Шаардык кеңештин шайлоосуна катышкан партия лидерлеринин, “биздин эң негизги атаандашыбыз Жаныбек Абиров” дегендери эле эмнени каңкуулайт? Демек бул жигит элдин купулуна толуп, эл үчүн жасаган эмгектери бааланып жатканы деп билсек болот. Ушинтип эле өсүп келе жаткан эл уулдарын буттан тартып сындыра берсек, анда карт бөрү, жегич саясатчылардын жеми болуп жүрө беребизби? Абиров башка жегичтерден айырмаланып, шаардык кеңеште эл үчүн иштеген эң мыкты төрага болду. Ошол себептүү анын тамырына балта чаап, биротоло жок кылууну көздөп жатышат.