Домой #Политика “Өнүгүүчүлөрдүн” өзүм билемдиги, же Төрөбаевге мыйзам жокпу?

“Өнүгүүчүлөрдүн” өзүм билемдиги, же Төрөбаевге мыйзам жокпу?

239

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттык ордуна талапкерди көрсөтүүнү чоң саясатка айландырып, эки талапкердин ортосунда жүргөн мандат талаш маселесине жарым жылдан бери  чекит коюлбай келет.

2018-жылдын жайында «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын катарындагы Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Аликбай Сариев мандатын тапшырган соң, анын ордуна партиянын тизмесинде 12-сапта турган Аллаберди Парпиевге депутаттык мандатты берүү боюнча Бишкек шаардык шайлоо комиссиясы Боршайкомго сунуш берет.

Бул сунушту берүүгө “Өнүгүүчүлөрдүн” саясий кеңешинин чечими себеп болгон. Бирок бул сунушка макул болбогон ошол эле партиянын талапкерлеринин катарында 8-болуп турган, бирок жигиттик келишим менен 10-орунга жылган Эдик Досиев жогорудагы чечимди жокко чыгаруу боюнча БШКга даттанат. Бул жерде, талапкердин бош мандатты ээлөөгө кезектүүлүгүн өткөрүп берүүгө  макулдугусуз ал мандатты башка талапкерге өткөрүп берүү менен кезектеги талапкердин шайланууга конституциялык укугу бузулган же тагыраак айтсак Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы чечим кабыл алуу учурунда Э.Ш. Досиевдин бош мандатты “кезексиз” талапкерге өткөрүп берүүгө макул эместиги тууралуу арызын көңүлгө алган эмес.

Бул маселе БШКнын мүчөлөрүн да эки анжы ойго түртүп, жарымы Бишкек АШКнын чечими «фракция бошогон депутаттык орунду кайсы талапкерге берет, өзү чечет» деген “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын   52-беренесине туура келет десе, калган жарымы «бул жерде тизмеде кезекте турган Эдик Досиев мандаттан баш тартуу же партиянын катарынан чыгуу боюнча эч кандай арыз жазган эмес.

Демек, мыйзам одоно бузулуп, талапкердин укугу тебеленип жатат. Мандат мыйзамдуу түрдө Эдик Досиевге берилиши керек. Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын чечими четке кагылышы керек» деген так кесе позицияда болуп келген.

Акыры алты айга созулган талаш-тартыштан кийин БШКнын тогуз мүчөсү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 12-июлундагы №6 чечимин жокко чыгарып, мандат меселесин кезектеги тизмеге ылайык берилсин деген чечим чыгарып берген. Бирок, жыгылган күрөшкө тойбойт болуп, “Өнүгүүчүлөр” БШКнын бул чечимин сотко беришкен.  Бишкек АШКнын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө КР БШКнын 2019-жылдын 31-январындагы №7 токтомун мыйзамсыз деп табуу жөнүндө А.Х. Парпиевдин арызы боюнча 2019-жылдын 4-февралында сот болуп, Бишкек шаардык район аралык соту КР БШКнын токтомун мыйзамдуу жана негиздүү деп таап, А.Х. Парпиевдин арызын канааттандыруудан баш тартты. Буга да макул болбогон А.Х. Парпиев эми Жогорку Сотко кайрылылган. Дагы бир кызык жагдай, Бишкек АШКга келип түшкөн партиянын Бишкек шаардык бөлүмүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы саясий кеңешинин №16 протоколунда башкы “өнүгүүчү” Бакыт Төрөбаевдин колу коюлуп, мөөрү басылган эмес.

Көрсө, 2018-жылдын 3-июлунан 13-июлуна чейинки аралыкта Стамбул аркылуу учкан Бакыт Төрөбаев маанилүү иштер менен чет өлкөдө иш сапарда жүргөн экен

http://kenesh.kg/ru/news/show/5874/postoyannaya-delegatsiya-zhogorku-kenesha-prinyala-uchastie-v-27-oy-ezhegodnoy-sessii-parlamentskoy-assamblei-obse

http://vecherka.kg/2018/07/17/panorama/6_print.html

Бул, ишенимдүү булактардын далилденген маалыматы. Каалоочулар бул маалыматты чек ара кызматынан тактап алса болот.

Демек, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы саясий кеңешинин отуруму толук түрдө мыйзамсыз өткөндүгүнүн кашкайган далили. Укуктук күчкө ээ болгон маанилүү иш кагаздарды жасоо кылмыш жоопкерчилигине тартаарын абдан жакшы билген, эки сөзүнүн бирин мыйзам менен оозанган Төрөбаев мырзанын бул кылыгы кайсы акылга сыйаарын түшүнбөй башыбыз маң. Дегеле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттык ордун мынча саясатташтыруунун өзөгү эмнеде болушу мүмкүн. Акчалуу Аллабердиге “арбалып” калганбы, же башка да бир себеби барбы, айтоор белгисиз. Болбосо мынчалык жан талашкыдай Бишкек шаардык кеңеши Жогорку Кеңеш эмес эле го. Эмнеси болсо да Жогорку Сот бул маселенин дыкат карап, адилет чечим чыгарып берсе керек.