«Кыргыздын жигити кандай болоорун улакчылар далилдеди»

    4


    Чолпон Ата шаарында өтүп жаткан Көк бөрү боюнча турнирде «Достук» жана «Сары-Өзөн» командаларынын оюнчулары Манас Ниязов менен Нурбек Юсуповдун ортосунда пикир келишпестик жаралып «жигитче» сүйлөшүүгө чейин жеткирген. Албетте бул көрүнүш интернет аркылуу жалпы журтка дүң эле дей түштү. Ал эми ортодон эч канча убакыт өтө электе эки улакчы элдешкенин айтып чыгышты. «Эр чекишмейин бекишпейт» демекчи, эр уландын башына эмнелер гана келип кетпейт. Анын үстүнө Көк бөрү чыныгы жигиттердин оюну болгондуктан бул көрүнүштү көпчүлүк түшүүнү менен кабыл алды.