Домой #Политика ЖК депутаты Махабат Мавлянова: 220 миң сомго чейин айлык алып…

ЖК депутаты Махабат Мавлянова: 220 миң сомго чейин айлык алып…

368

Парламентте Мамлекеттик ипотека компаниясынын жетекчилеринин айлыгы айтылды.

Депутат бул компания калкка берилген насыядан 2, 4 пайызга чейин маржа алып жатканын айтып, кыйналган элди ого бетер кыйнап жатканын белгиледи.

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Мамлекеттик ипотека компаниясынын жетекчилери ортомчулук ишти аткарганы үчүн 220 миң сомго чейин айлык алып жатканын парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Эл өкүлү бул маселени буга чейин да көтөргөнүн билдирди. Бирок өкмөт тарабынан эч кандай жооп болгон эмес.

Мавлянова ошондой эле бул компания калкка берилген насыядан 2, 4 пайызга чейин маржа алып жатканын айтып, кыйналган элди ого бетер кыйнып жатканын белгиледи.

«Бул бөлүмдү бир министрликтин алдында түзүү керек, алар берилген насыядан 2, 4 пайызга чейин маржа алып отурат. Ошону 0,5 пайызга чейин түшүрүү кажет. Ушул эки нерсени тез аранын ичинде карашыбыз керек», — деди ал.

Депутат айыл чарбасына берилген насыялар эч кандай ортомчуларсыз эле мамлекеттин бюджетинен банктарга түз бөлүнүп жатканын, андыктан мамлекеттин ипотекалык компаниянын ишин да ошондой кылууну сунуштады.

Эске салсак, буга чейин бул ишкананын кызматкерлеринин айлыгына жылына 109 млн сом кетери айтылган.