Эркиндикке чыккан блогер балдакчан басып калышына милиция кызматкерлерин күнөөлөйт

    13


    Өзгөн районундагы жергиликтүү дүкөндөгү мөөнөтү өткөн азык-түлүктүн сатылып жаткандыгына каршы чыгып, дүкөндүн ээси менен пикир келишпестик орун алып убактылуу камакка алынган блогер Бабуржан СИЗОдон чыкты. Тосуп алганы барган эл анын балдакчан чыкканына нааразычылыктарын айтты. Блогер муну укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен токмок жегенин, алыс аралыкка өз алдынча баса албай калгандыгын билдирди.