Дарыгерлер иш таштоого камданууда

    8

    Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлери менен жалпы практикадагы дарыгерлери айлык 25-30 миң сомго чейин көтөрүлбөсө, иш таштай турганын билдиришти. «Саламаттык сактоо министрлиги менен Мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу фонду массалык маалымат каражаттарына «үй- бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы көбөйдү» деген жалган маалыматтарды берип жатышат. Маянаны көтөрүү маселеси козголгондон бери беш ай өтсө да кандайдыр бир өзгөрүү болгон жок. Белгилей кетсек буга чейин өкмөт 2018-жылдын 1-октябрынан тартып дарыгерлердин маянасы көбөйөт деген.