Ассоль Молдокматованын абалы жакшы эмес

    25

    Телеалпаруучу Ассоль Молдокматова 15-майда борбордогу эс алуучу жайлардын биринде Орусиялык белгилуу дизайнер Вячеслав Зайцевдин көргөзмөсүн өткөрүү максатында кун-тун дебей иш алып барууда. Бир орунда турбаган айым учурда өпкөсүнө суук тийгизип «пневмония» оорусу менен жабыркаганын жана ооруганына карабай суткасына 3 саат гана уктап, тамчылатма дарынын жардамы менен эл алдына чыгып, күнүнө бир канча жолугушууларды, телеге тартылуу процесстерине катышып жатканын айтат. Күйөрмандарына кайрылган видеолорунда сүйлөп жатканда кайра-кайра жөтөлүп кыйналганын байкабай койуу мүмкүн эмес.