Домой #Общество Абылгазиев бажасынын уулу кызматта турганын билген эмеспи?

Абылгазиев бажасынын уулу кызматта турганын билген эмеспи?

21

Иштей элек «КТ-мобайл» компаниясынын айына 5 мин доллар маяна алган кызматкерлери, алардын катарында Эрназар Иманкадыр уулу тууралуу Өкмөт башчы үн катты.

«Ачык Өкмөт» эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев Премьер-министрдин бажасы экендиги анык. Бирок, анын уулу Эрназар «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары экендигин Мухаммедкалый Абылгазиев ушул кезге чейин билген эмес экен… Бул жагдайда премьер министр-ал кызматтан кетүүсү керек деп эсептейт.

Ал эми Абылгазиев мамлекеттик ишмердик жана туугандык мамилелер эч сыйышпайт деген принципте.

Белгилей кетсек, кадрдык чечимдер, компаниянын каражаттарын пайдалануу жана анын кызматкерлеринин эмгек акы өлчөмүн белгилөө маселелери компаниянын өзү жана анын ээси «Кыргызтелеком» ААК тарабынан жөндөлөт.

Анткен менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «КТ Мобайл» кызматкерлеринин маяна өлчөмүнүн негиздүүлүгүн текшерүүнү жана анын башкарууну уюштуруу түзүмүнүн натыйжалуулугун талдоону тапшырды.