«26 жаштагы жигит Балыкчы шаарына мэр болуп дайындалды»

    6

    Бүгүн 14-майда Балыкчы шаардык депутаттары мэрди шайлашты.

    31 депутат добуш берүүгө катышып, алардын 22си Марат Кудайбергеновго добуш беришти. 26 жаштагы жаш жигиттин мэр болуп келүүсүнө нааразы болгондор да, сүйүнгөндөр да болууда. «Бул жигит мектепте окубай эле иштеп жүргөнбү»деген пикирлер да социалдык тармактарда байма-бай айтылууда.

    Белгилей кетсек, Кудайбергенов Марат Сагынович 1993-жылы туулган. Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарынын тургуну. “Замандаш” фракциясынан депутат.

    Жогорку билимдүү. Ж.Баласагын атындагы Улуттук Университеттин “финансы жана кредит” кесибинде окуган.Эмгек жолу: 2011-жылдан 2017-жылдары “Алыш Сервис” ЖЧКнын башкы директору болгон. 2017-жылдын август айынан тарта Ысык-Көл областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы болуп эмгектенген. 2019-жылдан тарта “Президенттин №2 мамлекеттик резиденциясынын” маркетинг бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. Үй-бүлөлүк абалы бойдок.