200сом төлөп өзүбүздүн театрга барбагандар, Орусиялык дизайнердин көргөзмөсүнө 15 миңге билет алып барышты

    13

    Орусиялык дизайнер Вячеслав Зайцев Бишкекке келди. Таң калычтуусу театрларда 200сомго коюлган не бир сонун спектаклдерге барбаган эл,билеттин 15 миң экенине да карабастан барышкан.Өзүнүн мода көргөзмөсүн уюштурган кутюрье моделдерден соң подиумга өзү чыкмак. Бирок ал инсульттан кийин мурдагыдай болуп өз алдынча баса албай калгандыгына байланыштуу кеченин уюштуруучусу Ассоль Молдокматованын жетелөөсүндө чыгууга аргасыз болгон. Ал бүгүн таңга маал Орусияга учуп кетти.